Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Жарандык коом: депутаттар айлыгын ачыктасын


"Азаттыктын" архивинен. Сүрөт 2010-жылдын 17-декабрында тартылган.
"Азаттыктын" архивинен. Сүрөт 2010-жылдын 17-декабрында тартылган.

Кыргызстанда жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш менен кайрадан соттошууда.

“Жарандык коом жана демократия үчүн” коалициясы Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлык акысы тууралуу маалыматты ачыкка чыгаруу үчүн январдан бери аракет кылып келатышат.

Январда жарандык коомдун өкүлдөрү депутаттардын айлык акысы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууну парламенттен өтүнгөн. Бирок парламенттен тиешелүү жооп болбогон соң укук коргоочулар Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылган.

Сот Жогорку Кеңешке депутаттардын канча айлык алаарын коомчулукка жарыялоону милдеттендирген. Буга макул болбогон парламенттин иш башкармалыгы Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрылган.

Бейөкмөт уюмдун адвокаты Азамат Адиловдун айтымында, мындай жол менен депутаттар мамлекеттен алган айлыгын жашыруунун айласын көрүүдө:

- Жогорку Кеңеш биз сураган маалымат ачыкка чыгарууга болбой турганын айтышууда. Алардын жүйөсүндө, бул маалымат кызматтык максатта гана колдонууга боло турган купуя маалымат экен. Биз андай жүйөгө макул болбой, Бишкек райондор аралык сотуна кайрылып, утуп алганбыз. Эми парламент бул чечимдин үстүнөн доо арыз менен кайрылып жатат. Биздин оюбузча мындай маалыматтар ачык болуп, ар бир каалаган жаран аны менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышы керек. Себеби Жогорку Кеңеш жөнөкөй жарандар төлөгөн салыктан айлык алып жатышат. Эгер парламент өз акчабыз кайда жумшаларын жашырып жатса, дал ушундай чоң органды иштетүүгө муктаждык барбы деген суроо туулат.

Жогорку Кеңештин доо арызы шаардык сотто 30-октябрда каралмак. Бирок ишти карай турган судьянын отурумга келбей калганына байланыштуу 8-ноябрга калды.

Сотто парламенттин кызыкчылыгын коргогон юристтер да, иш башкармалык өкүлдөрү да кайсы мыйзамга негиздеп, депутаттардын айлык акысы тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга каршы болуп жатканы тууралуу комментарий берүүдөн баш тартышты.

Курмантай Абдиев
Курмантай Абдиев
Ал эми Жогорку Кенештин регламент жана этика боюнча комитетинин төрагасы Курмантай Абдиевдин пикиринде, иш башкармалык мыйзам жол бербегени үчүн ачыкка чыгарбай жатышы мүмкүн:

- Депутаттардын айлыгы тууралуу маалымат ачыкка чыгарылбасын деген кандайдыр бир нормативдик акт болсо керек. Иш башкармалыктын кызматкерлери ошого таянып жатса керек. Алар өз жумушун билишет да. Ал эми менин айлыгыма кызыккан адам мага келсин, ачык жарыялоого даярмын.

Ошол эле учурда депутаттардын айлыгы тууралуу маалыматты коомчулукка жарыялоону жактаган эл өкүлдөрү да бар. Маселен, Өмүрбек Абдрахманов депутаттардын айлык акысы эч кандай жашыруун маалыматка кирбейт деп эсептейт:

- Баары ачык болуш керек. Бөлүнгөн каражат өз максаты менен жумшалып, өзүнө жетиш керек. Канча каражат каякка жумшалып жатканы расмий сайтта илинип туруш керек. Мен бюджетти реформалоо боюнча жумушчу топтун башчысы болуп, дал ушундай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылып келатабыз.

Ачыктык, айкындуулук

Жогорку Кеңеште депутаттардын айлык акысынын өлчөмү ар кыл эсептелип, белгиленген өлчөмдөн эки эсе көп маяна алган депутаттар бар экенин айткан Абдырахманов айлык акыны теңдөө керек деп сунуштоодо.

Буга чейин жогорку даражалуу кызматкерлерден мурдагы президент Роза Отунбаева айлык акысын ачык айткан эле. Отунбаева айлыгы 30 миң сомду түзүп, ар кандай кошумча төлөмдөр менен 50-60 миң сомду чамалаарын журналисттерге билдирген.

Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ант берүү аземи, 1-декабрь, 2011-жыл
Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ант берүү аземи, 1-декабрь, 2011-жыл
Азыркы президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Алмазбек Атамбаевдин айлык акысынын өлчөмү жашыруун эмес, мурдагы президенттикинен көп айырмаланбайт. Өлкө башчынын маалымат катчысы Кадыр Токтогулов “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Алмазбек Атамбаев эки жылдан бери мүлкү тууралуу декларациясында канча акча тапканын жашырбай эле көрсөтүп келатат. Маселен, былтыр 11 ай өкмөт башчы, 1 ай президент катары 1 миллион 213 миң сом айлык акы алганын маалымдаган. Бул жылы президент катары канча акча тапканын декларациясында көрсөтөт.

Ошол эле кезде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин айлык акысынын өлчөмү да купуя сакталбай турганы белгилүү болду. Сатыбалдиевдин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, өкмөт башчы 30 миң сомдун тегерегинде айлык алат. Ал эми парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун маалымат кызматы мындай маалыматты берүүдөн баш тартты.

Эми депутаттардын айлыгын ачыктоого байланыштуу маселе сотто 8-ноябрда каралат. Сот Жогорку Кеңештин арызын канааттандырбаса, депутат канча айлык табаары тууралуу маалыматты ачыктоого милдеттендирилет.

Бул укук коргоочулар менен парламент ортосундагы жалгыз эле соттук иш эмес. Ушул жайда “Эркиндик үнү” укук коргоо уюму парламент жыйынына себепсиз катышпаган депутаттардын тизмесин жарыялоо өтүнүчү менен сотко кайрылып, аны утуп алган эле.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG