Линктер

жекшемби, 18-август, 2019 Бишкек убактысы 04:39

“Үрөн” бербеген үнөмдөө саясаты


Жогорку Кеңештин депутаттары.

Башкаруу аппаратын тейлөөгө кеткен чыгымдарды кыскартуунун эсебинен мамлекеттик каражатты үнөмдөө демилгесинен майнап чыккан жок.

Былтыр жарыяланган ал демилгенин жыйынтыгын саясий чөйрөнүн өкүлдөрү бийликтин куру дымагы жана популизм катары сыпатташты. Ошол эле кезде парламент менен өкмөт бирин-бири ашкере ысырапкорчулук боюнча айыптап, ар кимиси өзүнүн кызыкчылыгын коргоо менен алек.

Жогорку Кеңештин “аппетити”

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, Жогорку Кеңештин чыгымы өткөн тогуз айдын ичинде эле 607 миллион сомдон ашуун каражатты түздү. Бул деген 120 депутаттын ар бирине тогуз айдын жыйынтыгы боюнча беш миллион сомго чукул каражат жумшалды дегенди түшүндүрөт. Алдыдагы үч айдын чыгымын кошкондо анын өлчөмү былтыркы көрсөткүчтөн айырмасы болбой калат. Анткени 2011-жылы парламенттин чыгымы 747 миллион сомго жетип барган.

Эсептөө палатасы текшерүүнүн жыйынтыгы менен парламент каражатты ашыкча чыгымдаган деген бүтүмүн чыгарган. Бул жагдай кийин ошол кездеги парламент төрагасы Ахматбек Келдибековду кызматтан кетирүүгө багытталган жүйөө катары колдонулган. Андан кийин Жогорку Кеңеш аппаратын жыйырма пайызга кыскартып, 118 кызматкер иштен бошогон. Парламент кыскартуунун эсебинен 140 миллион сом үнөмдөлгөнүн жарыялаган болчу. Бирок быйыл деле чыгымдоонун өлчөмү былтыркы деңгээлге жетип барчудай болуп калды.

Каржы министрлигинин каржылык көзөмөл жана коррупциянын алдын алуу башкармалыгынын башчысы Бакыт Бакетаев чыгымдар реалдуу кыскартылбаса казынанын абалы начар экенин белгиледи:

- Азыр кескин түрдө бюджет каражатын сарамжалдуу пайдаланбаса, мамлекеттин каржылык абалы оор абалда турат. Ошон үчүн системалуу түрдө иш алып барып, мамлекеттик башкарууга кеткен чыгымдарды иш жүзүндө кыскартыш керек. Мамлекеттик казынанын эсебинен кармалган аткаминерлердин санын элүү пайызга чейин азайтыш керек. Мунун мамлекеттик башкарууга эч кандай таасири тийбейт. Бардык бийлик бутактары жылдын аягында былтыркы кыскартуулардан кийин канча каражат үнөмдөлгөнү же ашкере коротулганы боюнча жооп берүүгө тийиш.

Өкмөт менен президенттин чыгымы неге көзгө көрүнбөйт?

Өкмөт аппаратынын бир айлык чыгымы он үч милилон сомду түзсө, Жогорку Кеңештики алтымыш беш миллион сомго барабар экенин айрым маалымат каражаттары жазып чыккан болчу. Мындай көрсөткүчкө талдоо жүргүзүү үчүн аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринин аппаратындагы кызматкерлердин санын жана тейлөөгө жумшалган чыгымдын өлчөмүн салыштырууга туура келет.

Мына ошондуктан Жогорку Кеңештин коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Токон Мамытов парламент ашыкча акча коротту деп айтыштан мурун башка бийлик бутактарынын чыгымдарына көз жүгүртүүнү сунуштады:

- Иш жүзүндө парламенттен башка бир дагы бийлик түзүмү күрдөлдүү кыскартууларга барган жок. Өкмөттө 4 кишини - премьер-министрди жана үч вицени тейлеген аппарат Жогорку Кеңештики менен барабар. Бул жерде 120 депутатты тейлөөгө кеткен чыгым менен жанагы төрт адамды тейлөөгө кеткен каражатты салыштырганда биз отуз эсе көп болуп жатпайбызбы. Бирок бир айлык чыгымдын өлчөмү алардыкынан беш эсе эле жогору болуп жатпайбы. Эмне үчүн ушул жагын көтөрүшпөйт. Бүгүн мына бир эле министрди эки жардамчы, эки кеңешчи, эки-үчтөн катчы жана экиден айдоочу тейлеп жатат. Ал эми депутаттын бир жардамчы, бир кеңешчи жана айдоочусу эле бар. Өкмөт кыскартабыз деп эл менен иштей турган айыл өкмөт, акимчилик жана облустук администрациялардын штаттык бирдиктерин кесип салышкан. Натыйжада иш жүрбөй жатат. Өздөрүнө болсо тийишкен эмес.

Бирок аткаруу бийлигинин өкүлдөрү мындай дооматтарды четке кагышат. Өкмөт реалдуу сектор болгондуктан натыйжалуу иш жүргүзүүгө бөлүнгөн каражат жетпей жатканына даттанышты. Ошол эле кезде алар аткаруу бийлигиндеги иштин көлөмү алда канча көп болгону менен ресурстар жетишсиз экенин мисал келтиришүүдө. Андыктан министрлер өздөрүнө артыкчылыктуу шарттарды түзүп алды деп айыптоого негиз жок дешет алар.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев милициядагы кыскартуулар ишке кедергисин тийгизип жатканын айтты:

- Милицияны дагы канча кыскартасыңар? Милицияны кыскартып отуруп ушул абалга жеткизишти. Митингдер учурунда аймактык тескөөчү милиционерлердин участоктору ачык калат. Жабырланган адамдар аны иш ордунан таппай, милицияны айыпташат. Кызматкер жетишпей жатса дагы кыскартыш керек дешет. Ушуга окшогон демилге көтөргөн “реформаторлордуку” өттү.

Эптеген депутаттар эки жейби?

Ошол эле кезде алгачкылардан болуп кыскартууга барып, мамлекеттик каражатты үнөмдөдүк деген парламенттин быйылкы чыгымдарына үңүлсөк: тогуз ай ичинде парламенттин айлык акы чыгымы 447 миллион 208 миң сомду түзүп, депутаттардын кызматтык иш сапарларына он алты миллион сом чыгымдалган. Алардын телефондук байланышына жана коммуналдык тейлөөсүнө он миллион сомдон ашуун каражат сарпталган. Депутаттардын транспорт чыгымы 21 миллион сомду чапчыса, “майда-чүйдө чыгымдар” деген берененин өлчөмү эле 20 миллион сомго барабар болгон. Мындан сырткары алдыдагы күндөлүк чыгымдар үчүн 23 миллион сом ажыратылган.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева депутаттар чынында эле ашыкча артыкчылыктарга ээ болуп алганын мойунга алды:

- Чынында эле ашыкча артыкчылыктар бар. Мисал үчүн депутаттардын уюлдук байланышы үчүн ай сайын үч миң сомдон бөлүнөт. Ошону миң сомго чейин эле чек койсок болмок. Анткени депутаттар шайлоочулар менен ай сайын үч миң сомдон ашык сүйлөшүшү мүмкүн эмес. Анан чет өлкөгө иш сапар чыгымдарын чакырган тарап төлөп берген учурда гана уруксат берүү тартибин бекем кармансак болот эле. Негизи практикада чакырган тарап депутаттын жол киресин, тамак-ашын жана чөнтөк чыгымдарын төлөп берет. Бирок мен угуп калдым, биздин айрым депутаттар чакырган тараптан да алып, анан келип парламенттин эсебинен дагы иш сапар чыгымдарын төлөтүп алган учурлар бар экен. Мына ушунун бардыгын тартипке келтирсек жакшы болот эле.

Сөзү менен иши дал келбегендер

Өкмөт менен президенттин аппараты болсо өткөн жылы он беш пайызга кыскартылып, бирок жалпысынан канча штаттык бирдик жойулганы боюнча маалымат коомчулукка ачык жарыяланган эмес. 2011-жылдын февраль айындагы өкмөттүн токтомунда мамлекеттик кызматтагы бирин-бири кайталаган түзүмдөрдү жойуу жагы көрсөтүлгөн. Бирок андай кыскартуулар негизинен аймактык жана тармактык мекеме-уюмдардагы штаттык бирдиктерди жойуу менен гана чектелген. Ошол эле жылы декабрда өкмөт транспорт чыгымдарын кыскартуу үчүн майды аз жеген жана баасы он беш миң АКШ долларынан ашпаган машиналарды гана пайдалануу талабын койгон токтом чыгарган болчу.

“Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов бул сыяктуу токтомдун талаптары ишке ашпай, бийлик башындагылар эки жүздүү саясат жүргүзөнү боюнча мындайча мисал келтирди:

- Мына жакында өкмөт башчысы Сатыбалдиев министрлерге “мекеменин эсебинен кымбат баалуу машинелерди сатып алып минбегиле” деп айтты. Бирок буга чейинки мына ушуга окшогон көрүнүштөргө эч кандай чара көргөн жок да. Ооз учунан айтып койду, бирок мына ошол чоң аткаминерлерди тейлөөгө кетчү каражатты үнөмдөө боюнча иш жасалбай жатпайбы. Андан көрө премьер-министр өзү үлгү көрсөтүп, “мына мен мынча акча үнөмдөп жатам, силер дагы үнөмдөгүлө” деп. Ошондо башка аткаминерлер дагы анын артынан кадам таштамак. Министрлердин бардыгы кымбат баалуу, бензинди көп ичкен автоунааларды дагы деле минип жүрүшөт. Ошонун бардыгын сатып туруп, акчаны үнөмдөйлү деген эч ким жок. Сөз жүзүндө ушундай кылыш керек дешкени менен мына ошол аткаминерлер өздөрү ошондой иш кылбай жатышпайбы. Биздин көпчүлүк аткаминерлердин жана депутаттардын сүйлөгөн сөзү менен кылган иши дал келбейт. Ошондуктан биз кризистин сазынан чыга албай турабыз.

Учурда мамлекеттик бюджеттин таңкыстыгы 23 миллиард сомго жетти. Бул деген өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн орчундуу бөлүгүн түзмөк. Мына ушундай каржылык абалдан улам, бюджетте тармактарга бөлүнө турганы мерчемделген акчаны каржылоону токтотуунун эсебинен эки миллиард сомго чукул акча үнөмдөлөөрү белгилүү болду. Бул тууралуу мамлекет башчысына маалымат берген каржы министри Лаврова калган 21 миллиард сом таңкыстыкты жабуу маселеси бар экенин айткан болчу. Бирок ал эмненин эсебинен жабыла турганы азырынча белгисиз.

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Жоомарт Оторбаев мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана каражатты үнөмдөө иштери улана турганын белгиледи:

- Бюджеттин чыгымдарын азыркы учурда каржы министрлиги дагы бир жолу караштырып жатат. Биз министрликтердеги кандайдыр бир чыгымдарды көбөйтөлү деген ойубуз жок. Тескерисинче былтыр мамлекеттик башкарууга кеткен чыгымдарды он беш пайызга кыскартсак, быйыл бул аракет ишке кедергисин тийгизбеген шартта кайрадан улантылат. Биз мунун бардыгын учурда анализдеп, талкуулап жатабыз.

Ошол эле кезде мамлекеттик башкарууну жакшыртуу жана ага кеткен чыгымдарды кыскартуу маселеси мамлекеттеги административдик реформага байланыштуу. Буга чейин айрым парламент депутаттары облустарды жойуу жана райондорду ирилештирүү демилгесин көтөрүшкөн. Бирок өкмөт азырынча административдик реформанын негизги багыттарын аныктап, бул боюнча реалдуу кадам таштай элек.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG