Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

“Сэнди” 60тан ашуун кишинин өмүрүн алып кетти


АКШнын чыгыш жээгин каптаган суу ташкынынан 63 киши көз жумганы, анын ичинен жыйырмадайы Нью-Йорктон экени айтылууда. Кырсыктан жапа чеккен аймактарда калыбына келтирүү иштери жүрө баштады. Нью-Йорк шаарында дүкөндөр жана мекемелер иштей баштады. Бирок жол кыймылы толук калыбына келе элек, суу толуп калган метро иштебей жаткандыктан, жолдордо унаа тыгындары көбөйүүдө.

Шаар мэри жума күнгө чейин шаарга жеке автоунаалар кирүүсүнө тыюу салды.

АКШ президенти Барак Обама шаршемби күнү “Сэнди” ураганы келтирген зыянды көрүү үчүн Нью-Жерси штатынын Атлантик Сити шаарына келди. Президент азыр эң башкы максат – электр энергиясын калыбына келтирүү зарылдыгын белгиледи. Аталган штатта миллиондогон кишилер дагы деле электр жарыгысыз отурушат.

Обама кырсыктан жабыркагандар менен жолугуп, апааттын кесепеттерин жоюуда борбордук бийлик жергиликтүү бийликтерге жардам берерин бекемдеди.

Нью-Жерси штаты АКШнын Чыгыш жээгиндеги табигый апаатта эң катуу жабыркаган аймак. Президент Обама алаамат алып келген зыянга каршы күрөшүү үчүн шайлоо өнөктүгүн токтоткон. Президенттик шайлоо АКШда 6-ноябрда болот.

Апаат АКШга 25 миллиард доллар чыгаша алып келгени айтылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG