Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Орусияда балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргогон мыйзам күчкө кирди


Орусияда бүгүнтөн тарта балдардын саламаттыгына жана психикасына залака тийгизген маалыматтарды камтыган интернет сайттарды “кара тизмеге” киргизүүгө жол ачкан мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, тиешелүү мамлекеттик орган тыюу салынган мазмундагы материалды алып салууну же интернет провайдерлерден сайтты жабууну талап кыла алат. Орус өкмөтү мыйзам балдарды порнография, маңзат же өз өмүрүн кыйуу өңдүү терс көрүнүштөрдөн коргоону көздөйт деп ырастоодо. Бирок укук коргоочулар ал өкмөттү же Кремлди сындаган сайттарды жаап салуу үчүн пайдаланышы мүмкүн дешет. Айрымдар жаңы мыйзам интернеттеги цензурага алып келет деп чочулашат.

XS
SM
MD
LG