Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Екатеринбургда кыргыз тасмалары көрсөтүлдү


Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз тасмалары көрсөтүлдү. Бул иш-чара "Мекеним Кыргызстан" аттуу кинокербен акциясынын алкагында уюштурулду. Белгилүү кыргыз кинорежиссерлору тарткан тасмалар көрсөтүлдү. Негизги көрүүчүлөр, албетте Екатеринбургда иштеп, окуп жүргөн кыргыздар болду.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Екатеринбургдун жетекчилиги жана ошол жакта жашаган кыргыз диаспорасы менен жолукту. Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын көйгөйлүү маселелерин чечүү жолдорун талкуулады. (RK)

XS
SM
MD
LG