Баш прокуратура Ташиев боюнча сотко келтирген сунушунан баш тартты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
31-октябрда Баш прокуратура Ташиевге карата жүргүзүлгөн соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу сунушу менен Биринчи Май райондук сотуна кайрылган болчу.
Баш прокуратуранын бүгүн тараткан билдирүүсүндө сунушту кайра алуу Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун жогоруда аталган экспертизада "процессуалдык мыйзам бузуулар орун алды" деген айыптоосуна байланыштуу болгону айтылат.
3-октябрда бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев жана аталган партиядан дагы эки депутат – Садыр Жапаров менен Талант Мамытов 5-октябрда эки айга УКМКнын тергөө абагына камалган. (RK)