Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:13

АКШ: президенттик марафондун аякташына 3 күн калды


Элдин пикирин сурап билүүлөр президент Барак Обама жана республикачылардын талапкери Митт Ромни теңме тең баратышканын көрсөтүүдө. Талапкерлердин экөө тең “арсар” штаттарда үгүт иштерин жүргүзүшүүдө. Кечээ алар жумушсуздуктун деңгээли боюнча чыккан жаңы маалыматтарды комментарийлешти. Кечээки статистикалык маалыматка караганда, октябрь айында жумушсуздардын саны 7,9 процентке жеткен, ошол эле маалда 171 миң жаңы жумушчу орун түзүлгөн.

Обама жаңы орундардын пайда болушу анын саясаты АКШ экономикасын өнүгүү жолуна бурганын далилдейт десе, Ромни жумушсуздуктун деңгээли “экономика иш жүзүндө алга жылбай жатканынан кабар берет" деди.

XS
SM
MD
LG