Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:37

Кара-Суу: кырсык болгон дааратканадан 4 адамдын сөөгү табылды


Алардын бири эркек, учөө аял. Бул тууралуу «Азаттыкка» Өзгөчө
кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов
билдирди. Издөө иштери уланууда. Кечээ дааратканага кирип кеткендердин 12си куткарылып, ооруканага жеткирилген.

Кырсык болгон жерге бүгүн
вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов келди.

3-ноябрь күнү саат 14:30 чамасында Кара-Суу шаарынын борбордук
базарындагы коомдук даараткананын асты түшүп кеткен. 40 орундуу бул
даараткананын имаратын 2003-жылы маркум депутат Баяман Эркинбаев
курдурган. Аны 2007-жылдан бери жергиликтүү ишкер Муса Абышев иштетип
келет.
Даараткананын тереңдиги 5-6 метр деп айтылууда. Анын үстү (полу)
цемент менен жабылган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG