Жыйын Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана эл аралык уюмдар тарабынан уюштурулууда. Өткөн жумада Ош, Жалал-Абад облустарындагы көчмө жыйын учурунда өлкөдө энелер менен балдардын өлүмү көп учурда дарыгерлердин шалаакылыгынан болорун вице-премьер-министр Камила Талиева айткан болчу. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдын алуу жана дарылоо бөлүмүнүн башчысы Анара Ешходжаеванын маалыматы боюнча, Кыргызстанда эне менен баланын өлүмү эң көп Чаткал районунда катталат.
Расмий маалыматтар боюнча, эне менен баланын өлүмү акыркы убактарда Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында көп каттала баштаган.(ZKo)
Расмий маалыматтар боюнча, эне менен баланын өлүмү акыркы убактарда Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында көп каттала баштаган.(ZKo)