Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Италиянын премьер-министри күтүлбөгөн сапар менен Ооганстанга барды


М.Монти менен Х.Карзай Кабулдагы сүйлөшүү учурунда, 4-ноябрь, 2012
М.Монти менен Х.Карзай Кабулдагы сүйлөшүү учурунда, 4-ноябрь, 2012
Марио Монти жекшембиде Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшкөнгө чейин италиялык аскерлер менен жолугушту. Өлкөнүн батышындагы Герат провинциясында НАТОнун жетекчилигиндеги коалициялык күчтөрдүн катарында 3,5 миңдей италиялык аскер да кызмат өтөйт. Италия өзүнүн аскерлерин 2014-жылы – Ооганстандан НАТОнун коалициясынын бардык аскерлери чыгарылган чакта – мекенине алып кетүүнү пландап жатат.

Премьер-министр Монтинин айтымында, Ооганстан менен дүйнөлүк коомчулуктун ал күндөн кийинки кызматташтыгы да маанилүү бойдон калат. Анын ишениминде, кызматташтык көбүрөөк аскерий аракеттерге эмес, биргелешкен экономикалык долбоорлорго негизделгени жакшы. Ооганстанда талиптерге каршы 11 жылдан бери жүрүп жаткан согушта 52 италиялык аскер курман болгон.

XS
SM
MD
LG