Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Сирияда козголоңчулар Ирак менен чектеш жерде мунай кенин басып алышты


Активисттердин айтымында, өлкөнүн чыгышындагы негизги мунай чыкчу жайды коргогон өкмөттүк аскерлер менен үч күнгө созулган атышуудан кийин кенди козголоңчулар ээлеп алышты. Баш кеңсеси Британияда жайгашкан “Сириядагы Адам укуктарына байкоо салуу” деп аталган оппозициянын өкүлчүлүгүнүн башчысы Рами Абдул-Рахман билдиргендей, жекшембиде козголоңчулар Дейр-эз-Зур провинциясындагы “ал-Вард” мунай кенин басып алышты. Бул - Сирияда президент Башар ал-Асадга каршы күрөшүп жаткан куралчан оппозиция мунай кенин басып алган алгачкы учур.
Ирак менен чектеш жердеги Дейр-эз-Зур провинциясы Сириянын эң ири энергетикалык запаска ээ аймагы катары белгилүү. Былтыр Евробиримдик менен АКШ Сирияда өндүрүлгөн мунайга санкция киргизгенге чейин расмий Дамаск күнүнө 150 миң баррель мунай экспорттоп турган. 2010-жылы өлкө Евробиримдикке саткан мунайдан эле 4,4 млрд.доллар киреше көргөнү белгилүү.

XS
SM
MD
LG