Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Сот чуулгандуу тасма боюнча арызды карай баштады


Бишкектин район аралык сотунда "Мен кумса жана мусулманмын” даректүү тасмасы боюнча укук коргоочунун арызы карала баштады. Бул тууралуу "Лабрис" уюмунан кабарлашты.

Аталган тасма боюнча Биринчи Май райондук сотунун аныктамасы мыйзамсыз экенин укук коргоочу, "Жарандар коррупцияга каршы" укук борборунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова 1-октябрда билдирген. Анын айтымында, тасманын Кыргызстанда көрсөтүлүшүнө тыюу салган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Баш прокуратуранын кызматкерлеринин аракети жана Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун аныктамасы мыйзамсыз. Конституциянын жана мыйзамдардын бузулушуна байланыштуу укук коргоочу Бишкектин район аралык сотуна кайрылган.

Бишкекте сентябрда өткөн адам укуктары боюнча "Бир дүйнө - Кыргызстан" кинофестивалында голландиялык режиссер Крис Беллонинин “Мен кумса жана мусулманмын” тасмасынын көрсөтүлбөй калышына Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия чыгарган эксперттик бүтүм себеп болгон. (RK)

 

XS
SM
MD
LG