Лаосто ушул аптада Меконг дарыясында дамба салына баштайт. Тосмонун айлана-чөйрөгө тийгизүүчү зыянына байланыштуу күмөн ойлор айтылып келгендиктен, бир нече миллиард долларлык долбоорду ишке киргизүү 18 ай мурун токтоп калган. Курулуш дарыяны бойлой орун алган Лаос, Вьетнам, Камбожа жана Таиланд ортосунда талаш-тартыш жараткан. 4 мамлекет тең Меконг суу системасын балык уулоо жана сугат үчүн пайдаланышат. Эң жакыр өлкөлөрдүн бири – Лаос дамба курулганда электроэнергияны бай коңшуларына сатуу менен казынаны толуктоого үмүттөнөт.
Таиланд электроэнергиянын көбүн сатып алууга макул болду, Камбожа менен Вьетнам курулуш алардын балык уулоо жана айыл чарба тармактарына зыян алып келет деп ырасташат. Курулушту баштоо аземи 7-ноябрда өтмөкчү.