Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:31

Текебаев: Көмүскө күчтөр «Ата Мекенди» каралап жатат


«Ата Мекен» партиясын жана анын мүчөлөрүн атайылап жаманатты кылуу кутумдары Бакиевдер башында турган көмүскө күчтөрдүн көрсөтмөсү аркылуу жасалып жатат.

Мындай оюн бүгүн 2010-жылдын апрелиндеги талап-тоноо фактыларын иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын иши каралган жыйында Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Текебаевдин айтымында, «Ата Мекен» фракциясынын бир катар мүчөлөрү жөнүндө жалган көрсөтмө берип жаткан Абдулла Юсупов мурда эки жолу соттолгон адам.

Жыйындын жүрүшүндө Баш прокуратуранын өкүлү Орзубек Бердибаев мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов жаза аткаруу кызматынын төрагасы Аликбек Мамыркуловго телефон чалып, камактагы адамдарды журналисттер менен жолуктурууну өтүнгөнүн билдирди.

Өмүрбек Текебаев «Ата Мекен» партиясы менен анын мүчөлөрүн атайылап жаманатты кылуу кутумдары Бакиевдер башында турган көмүскө күчтөрдүн көрсөтмөсү аркылуу жасалып жаткандыгын баса белгиледи. Ага кримчөйрө өкүлдөрү да колкабыш кылып жатканын айтты.

Жыйынтыгында Баш прокуратура менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине окуяны андан ары дыкат иликтөө тапшырмасы берилди. Ошондой эле Айсулуу Дүйшөнкулова жөнүндөгү видеотасма Жогорку Кеңештин кароосуна сунуш кылынмай болду. (RK)

XS
SM
MD
LG