Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:05

ЖККУ Ооганстандагы абалды карайт


Уюмдун Тышкы иштер министрликтеринин алдындагы Ооганстан боюнча жумушчу тобу эртең Москвада жыйын өткөрөт. Ага ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн коргонуу кеңештеринин, тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү жана Улуттук координаторлор катышат. Жыйында уюмдун баш катчысы Николай Бордюжа да Ооганстандагы абал тууралуу сөз сүйлөйт. Ал эми жумушчу топ Ооганстандын 2015-жылга чейинки саясий кырдаалы жана өнүгүү абалы тууралуу иликтөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырат.

Мындан тышкары Ооганстандагы абал жакшы жагына өнүкпөсө, андан уюмга мүчө мамлекеттерге пайда болуучу коркунучту жоюу боюнча өзүнүн сунушун билдирет.
Ошондой эле жыйында ЖККУнун көмөктөшүү күчүнүн жүгүн жана күчтөрүн уюмга мүчө мамлекеттердин аба мейкиндиги аркылуу алып өтүү маселеси да каралып, Ооганстандан келип жаткан коркунучтарга каршы туруу боюнча өткөн жылы 20-декабрда кабыл алынган Иш-чаралар планынын ишке ашырылуусу тууралуу кеп болмокчу.

ЖККУ 2002-жылы түзүлгөн. Уюмга жети мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения жана Беларус мүчө. Өзбекстан мурда мүчө болуп жүрүп, быйыл уюмдан чыгып кетти.(ZKo)

XS
SM
MD
LG