Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:25

Текебаев: Парламент төрагасы алмашат деген сөз негизсиз


Бүгүн маалымат жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу маселеси жоктугун билдирди. Ал муну спикерди алмаштыруу боюнча пикирлер айтылып жатат деген суроого жооп берип жатып айтты. Текебаевдин билдиришинче, коалициялык келишимде бул маселе каралган эмес. Ал эми төраганын орун басарларын ар бир фракция өз чечими менен гана алмаштыраарын айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасын алмашатыруу аракети бар экен деген сөздөр тараган. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG