Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Оштогу учак кырсыгы боюнча иш сотко өттү


Ишти тергеген транспорт прокуратурасы өткөн жылы Ош аба майданында болгон учак кырсыгына “Кыргызстан” авиакомпаниясынын учкучтары айыптуу деген жыйынтык чыгарган. Ага ылайык ТУ-134түн экипаждын командири В. Черебниченко менен экинчи учкуч В. Редьковго Кылмыш кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди.

Оштогу учак кырсыгы боюнча соттук териштирүү Ош шаардык соту тарабынан 15-ноябрдан тартып жүргүзүлө баштайт.

Бишкек-Ош каттамындагы Ту-134 учагы өткөн жылы 28-декабрда Ош аба майданында кырсыкка кабылган. Туманга карабай конуп жаткан учак тилкеден чыгып кетип, бир канаты жана дөңгөлөктөрү ыргып кеткен эле. Учактын ичинде 82 жүргүнчү, алардын тогузу балдар болгон. Булардан тышкары экипаждын 6 мүчөсү да бортто болгон.

Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн “Манас”, “Ош” аэропортторунун, Жарандык авиация агенттигинин, “Кыргызаэронавигация” ишканасынын жана Орусиянын “Туполев” конструктордук бюросунун эксперттеринен турган комиссия түзүлгөн эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG