Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Баш прокуратура: Ташиевдин акыл-эси жайында


3-октябрда Бишкекте мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен тергөө абагына камалган үч депутат - Камчыбек Ташиевдин, Талант Мамытовдун жана Садыр Жапаровдун акыл-эси жайында. Аталган депутаттар боюнча жүргүзүлгөн соттук-психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы мына ушундай экенин Баш прокуратура бүгүн билдирди.

Мындай экспертиза жасалганын аталган мекеме 31-октябрда эле жарыялаган. Бирок анын жыйынтыгы кандай деп чыкканын айтпай койгон. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча Ташиевди үй камагына которуу сунушу менен сотко кайрылганын гана билдирген. Бирок Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов ошондон кийин жасаган комментарийлерине байланыштуу бул сунушун кайра алган.

Кечээ "Ата-Журт" фракциясынан депутат Жылдызкан Жолдошева экспертиза кандай максатта жасалганын жана анын жыйынтыгы кандай болгонун айтып берүү үчүн Баш прокурор Аида Салянованын парламентке келишин талап кылган. (RK)

 

XS
SM
MD
LG