Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы Кыргызстандагы 230 миңдей жаранга азык-түлүк жагынан жардам берет. Бул тууралуу программанын өкүлдөрү “Азаттыкка” бүгүн кабарлашты. Маалыматка ылайык, эл аралык уюм Кыргызстанда азык-түлүктүн кымбатташы менен жетиштүү тамактанбаган адамдардын санын өскөнүн эске алып, азык-түлүктөн жардамдашуу чечимин кабыл алган. Бул чечим жакынкы жумадан тарта ишке ашырыла баштамакчы. Анда колунда жок адамдарга эки айга жетээрлик өлчөмдө ун жана өсүмдүк майы таратылат.
БУУнун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 300 миңге жакын адам зарыл азык-түлүк менен камсыздалган эмес.(BkA)
БУУнун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда 1 миллион 300 миңге жакын адам зарыл азык-түлүк менен камсыздалган эмес.(BkA)