Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

BBC корпорациясынын жетекчиси кызматтан кетти


Би-Би-Си телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Жорж Энтуисл Консервативдик партиянын кадырлуу саясатчысы лорд Макэлпайнды бачабаз деп жалган айыптаган телеберүүгө байланышкан чырдын айынан кызматтан кетти.

- Башкы директор - башкы редактор жана бардык мазмунга жооптуу адам катары, Newsnight программасынын 2-ноябрь жума күнкү берүүсүндөгү журналисттик стандарттардын бузулган фактысы боюнча менин башкы директорлук кызматтан кеткеним адилеттүү кадам деп санайм.

Бул соңку кезде Би-Би-Си дүйнөлүк маалымат кызматынын ичиндеги экинчи чыр болду.

Newsnight программасынын 2-ноябрдагы кечки берүүсүндө Уэллстеги балдар үйүнүн мурдагы тарбиялануучусу Консервативдик партиянын мүчөсү Макэлпайнды 70-80-жылдары жетимдер үйүндөгү балдарга сексулдык ыдык көрсөткөн адамдардын бири болчу деп айыптаган. Журналисттер британ экс-премьери Маргарет Тэтчердин кеңешчиси лорд Макэлпайнга дагы айып тагылып жатканын айтып чыгышкан. Кийинчерээк болсо балдар үйүнүн мурдагы тарбиялануучусу жалган жерден айыптаганын өз мойнуна алган.

Жорж Энтуисл эки ай мурда Би-Би-Синин башкы директору болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG