Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:39

Талиб согушкерлерине байланыштуу маалымат ырастала элек


Ооганстан Пакистан менен абактан талиб согушкерлерин бошотууну макулдашканы ырастала элек. Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү “Азаттыктын” пакистан кызматына эки өлкө абактан талиб согушкерлерин чыгаруу боюнча макулдашууга жетишти деген кабарларды ырастоодон баш тартты.

Ал эми Ооганстандын Жогорку Тынчтык кеңешинин өкүлү Масум Сатнакзайдын “Азаттыктын” ооган кызматына айтканына караганда, абактагы талибдер маселеси Пакистан бийликтери менен сүйлөшүүнүн бир бөлүгү болду, бирок эки тарап макулдашууга жетише элек.

Мунун алдында Батыш маалымат агенттиктери эки жактын макулдашуусунун негизинде "Талибандын" бир нече өкүлү абактан чыгарылганын кабарлашкан.

Сүйлөшүүлөр Исламабадда кечээ өткөн.

Ооган делегациясы Пакистанга талиб колбашчылардын бири, 2010-жылы кармалган молдо Абдул Гани Барадарды бошотуу мүдөөсү менен барган. Ал өз тарабына талиб козголоңчуларынын чоң бөлүгүн тарта алат деп саналат.

Ооганстандагы тынчтык жараяндын келечеги азыр көп жагынан ооган өкмөтү менен "Талибандын" айрымдары Пакистанда жашаган лидерлери ортосундагы сүйлөшүүлөргө көз каранды болуп турат. (UE)

XS
SM
MD
LG