Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошеванын “Азаттыкка” кабарлашынча, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевдин иши Бишкектин Ленин райондук сотуна түштү. Эми жакынкы күндөрү бул боюнча сот жараяны башталат.
Ошондой эле бүгүн Түлеевдин камактагы мөөнөтү аякташы керек эле. Буга байланыштуу анын баш коргоо чарасы кайрадан каралышы керек болчу. Бирок баш коргоо чарасы каралбагандыктан депутаттын адвокаттары Башкы прокуратура Түлеевди мыйзамсыз камакта кармап жатканын айтышууда. Адвокат Кубанычбек Ташбалтаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бул боюнча Биринчи Май райондук сотуна кайрылышты.
Эми сот иши түшкөн соң Ленин райондук соту таанышып, жакынкы аралыкта Түлеевдин баш коргоо чарасын аныкташы зарыл.
Башкы прокуратура Нариман Түлеевге мэр кезинде коррупциялык иштерди жасап, мамлекетке 100 миллион сомдон ашык зыян келтирген деп кылмыш ишин козгоп, быйыл 21-июнда УКМКнын тергөө абагына камакка алган. (BkA)