Израил өз аймагын көздөй атылган ракеталарга жооп иретинде палестиндердин Газа секторундагы буталарга абадан сокку урууну күчөттү. Израилдин премьер- министри Биньямин Нетаньяху бүгүн буларды айтты:
- Акыркы 24 сааттын ичинде Израил ракеталар жана жарандарыбызга каршы ракета атуулар менен келише албасын ачык көргөздү. Мен "Хамас" жана Газа секторундагы башка террордук уюмдар муну түшүндү деп үмүттөнөм. Эгер, антпесе Израил жарандарын коргоо үчүн зарыл чаралардын баарын көрүүгө даяр.
Мурдараак Израил армиясынын өкүлү Газа секторунда кургактан да операция өткөрүү ыктымалдуулугун айткан.
"Хамас" кыймылынын согушкерлери Израилдин түштүгүнө аткан ондогон ракеталардан кеминде 3 адам каза тапты.
Хамастын ракета атууларына жооп кылган Израил “Коргонуу таянычы” деп аталган операциясын кечээ баштаган. Газа тилкесин абадан, деңизден, кургактан аткыланганда 13 адам анын ичинде, жаш балдар мерт болгон.
Газа секторундагы окуялар палестин президенти Махмуд Аббасты Европадагы сапарын кыскартууга мажбурлады.
Аббастын өкмөтү Газаны 2007-жылы колдон чыгарып жиберген. Ошондон бери ал "Хамастын" көзөмөлүндө турат.
Коңшу Египеттин президенти Мохамммед Мурси телекайрылуусунда Израилдин аракетин “агрессия” жана “кабыл алынгыс” деп мүнөздөп, кырдаалды АКШ президенти, БУУнун баш катчысы менен сүйлөшкөнүн белгиледи.
Британ тышкы иштер министри Уильям Хейг болсо кырдаалдын курчушу үчүн жоопкерчиликти "Хамас" кыймылына жүктөдү.
Орусия соңку окуяларга тынчсыздануу билдирди. (UE)