Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Элчи Жумалиев: АКШ транзиттик борбору "Манаста" жарандык болуп калышы мүмкүн


Кыргызстандын АКШдагы элчиси Мухтар Жумалиев "Манастагы" америкалык база 2014-жылдан кийин да калышы мүмкүн экендигин билдирди. Элчи Вашингтондо "Азаттыктын" кабарчысына 2014-жылы Бишкектин жанындагы америкалык транзиттик борборду аскердик эмес максатта колдонууга даярдык көрүлүп жаткандыгын бышыктады:

- Президент Атамбаев бул базада аскер болбосун деген позицияны билдирген. Ошондуктан 2014-жылдан кийин бул базаны жарандык борборго айландыруу боюнча иш жүргүзүп жатышат.

Ооганстандагы антитеррордук коалиция тарабынан "Манастагы" авиабаза 2001-жылдын декабрынан бери колдонулуп келатат. Элчи ошондой эле Кыргызстан АКШдан курал албай тургандыгын, анын ичинде пилотсуз "Дрон" учагы тууралуу сүйлөшүү жүргүзбөгөндүгүн кошумчалады. JCH

XS
SM
MD
LG