Бишкек шаарында бир жаран өз жанын кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлады. Анын айтымында, окуя ушул түнү болгон. Көлбаев атындагы көчөдө жайгашкан үйлөрдүн биринде 24 жаштагы жаран өз өмүрүнө кол салууга аракет жасаган. Куткаруучулар ал ичинен жаап алган бөлмөнүн эшигин ачып беришти. Биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардамга өткөрүп беришти. (RK)