Каирде ишемби күнү Египеттин расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Халид Машаалдын бул жерде түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусу белгиленген.
Мурдараак Эрдоган Газадагы окуяларды “кыргын” деп атап, Израил жасагандарына жооп бериши керектигин айткан.
Вашингтондон Ак үй эки жакты кырдаалды курчутуудан баш тартууга чакырды, бирок Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун колдоду.
Палестин расмий өкүлдөрү АКШнын турумун “бейтарап жана бекем эмес” деп мүнөздөштү.
Ушул бейшембиден бери Израилдин Газага жасаган аба соккуларынан 40ка жакын палестиналык, ал эми "Хамастын" ракеталарынан үч израилдик каза табышты.
Газада "Хамаска" караштуу жайларды бутага алып жатканын ырастаган Израил аба соккулардын максаты - өлкө аймагына сектордон ракета атылуусун токтотуу экенин билдирүүдө.
Жөөт өкмөт башчысы Бенямин Нетаняхунун үч күн мурда айтканына караганда, "Хамас" кыймылы көзөмөлдөгөн Газа секторунан быйыл Израил тарапка 1000ден ашуун ракета атылган. (UE)