Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:53

Талоончулукту иликтеген депутаттык комиссия тыянагын чыгарат


Комиссиянын жыйынтыгы ушул аптада парламент жыйынына каралаарын анын төрагасы Курманбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, учурда комиссия ишинин корутундусун даярдап жатат.

Буга чейин депутаттар бул комиссияга 20-ноябрга чейин убакыт чектеген.

“Республика” фракциясынын демилгеси менен 2010-жылдын 7-10-апрелиндеги талап-тоноочулук фактыларын иликтөө боюнча комиссия түзүлгөн. №1 тергөө абагында камалып жаткандар апрелдеги талап-тоноочулукка “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдун тиешеси бар деп айтып чыгышкан. Бирок өткөн аптада ИИМ тергөөнүн жыйынтыгында талоончулукка “Ата Мекендин” депутаттарынын тиешеси жок экени аныкталганын расмий түрдө жарыялады.(BkA)

XS
SM
MD
LG