Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:00

Бишкек ТЭЦине көмүр сатып алуу үчүн тендер дагы өтпөй калды


Бишкек жылуулук борборуна көмүр сатып алуу үчүн тендер бешинчи ирет үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрлик жүйөөсүндө тендердин үзгүлтүккө учурашына былтыркы уулуу көмүр чырынан соң Казакстандын компаниялары катышпай койгону да себеп болгон.
Маалыматка ылайык, жылуулук борбор үчүн кышкы сезондо 882 миң тонна көмүр талап кылынса, учурда анын 462 миң тоннасы ташылып келген.

Былтыр күзүндө Казакстандын Кулан кенинен Кыргызстанга ташылып келген көмүрдүн радиациялык фону ченден 8-10 эсе көп экени аныкталган. Андан соң бул көмүр кайра Казакстанга жеткирилген. Бирок уулуу көмүр ташылышына тиешеси бар деп шектелген ошол кездеги энергетика министри, “Электрстанциялар” мекемесинин жетекчиси соттон толугу менен акталган.

XS
SM
MD
LG