Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Баткенде чек ара маселелери талкууланат


Баткендин Өзбекстан менен чектеш Бөжөй айыл эли менен бүгүн кеңешме комитет жолугаарын облустук кеңешме комитеттин катчысы Хаитали Айкынов билдирди.
Өзбекстандын Сох анклавынан ары жайгашкан Баткендин Бөжөй айылынын тургундары 12-ноябрда облустук администрациянын алдына митингге чыгып, облус борбору менен түз байланыштыруучу жол маселесин чечип берүүнү талап кылышкан. Бүгүн (20-ноябрь) облустук жаңжалдардын алдын алуу боюнча коомдук башталыштагы кеңешме комитет мүчөлөрү Бөжөй айылынын эли менен жолугуп, чек арадан өтүү, жол, суу талаш маселелери боюнча талкуу өткөрөт. Жолугушуунун жыйынтыгы менен улуттук кеңешме комитетке жана тийиштүү кызматтарга сунуштар берилет.

12-ноябрда облустук администрациянын алдына митингге чыккан бөжөйлүктөрдү өкмөттүн облустагы өкүлү кабыл алып, жолго каражат бөлүнгөнүн, бирок ага азырынча бюджетте акча жок экенин айткан. 14 чакырымды түзгөн Бөжөй - Бел - Кадамжай айланма жолунун долбоору чийилип, мамлекет тарабынан 60 млн. сом бөлүндү, 2012-жылдын экинчи кварталында башталат деп айтылганы менен долбоор ишке ашпай токтоп турат. (JsA)

XS
SM
MD
LG