Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:36

Атамбаев каржы министри менен бюджетти талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн каржы министри Ольга Лаврованы кабыл алып, быйылкы бюджеттин аткарылышын жана кийинки жылдарга бюджет долбоорлорун талкуулады. Президент бюджеттин чыгымдар бөлүгүн кыскартканда айлык акы, социалдык жөлөк пул жана пенсияны төлөөгө таасир этпеши керектигин эскертти. Орус өкмөтү бөлгөн 25 миллион доллар кайтарымсыз каражатты өз убагында алуу үчүн керектүү документтерди тезинен даярдоону тапшырды. Түркиядан келе турган жеңилдетилген насыя кыргыз аткаминерлеринин айынан кечигип жатканын белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG