Борбор Исламабаддын жанында жайгашкан Равалпинди шаарындагы жардыруу үчүн "Талибан" жоопкерчилик алды.
Жанкечти өзүн шийиттердин диний жөрөлгөсү учурунда жардырганда 23 адам өлүп, 60тай киши жаракат алган.
Мунун алдында Карачи шаарында шийит мечиттин сыртында эки бомба жарылганда бир адам өлүп, эки киши жарадар болгон эле.
Шийиттер учурунда Мухаррам деп аталган ыйык айды белгилешүүдө.
Бул эки жардыруу үчүн жоопкерчилик алган "Талибандын" өкүлү алардын аракетин суннит фундаменталисттеринин шийиттер менен “ишеним согушунун” алкагындагы иш катары мүнөздөдү.
Бүгүнкү кыянатчылыктар сегиз ислам өлкөсүнүн Пакистандагы саммити алдында болду. Саммитте өз ара соода-сатыкты жана инвестицияны күчөтүү жолдору талкууланары күтүлүүдө. (UE)