Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Иорданияда нааразылык акциясы уланууда


Амман, 19 -ноябрдагы демонстрация.
Амман, 19 -ноябрдагы демонстрация.
Кабарларга караганда, отундун бардык түрлөрүн субсидиялоо эржеси жоюлганынан улам тутанган нааразылык акциялар өлкөнүн бир катар шаарларында, анын ичинде борбор Амманда да өткөн.

Кечээ кечинде борбор Амманда көчөгө чыккан исламчыл жана солчул активисттер өкмөттүн отун субсидиясын жоюу чечимин айыпташты жана акыркы апта ичи кармалгандардын баарын бошотууга чакырышты.

Иорданиядагы нааразылыктардын алгачкы күнүндө 200дөн ашуун киши кармалган, 70тей адам жаракат алып, 1 киши каза тапкан.

Тополоң өткөн аптада өкмөт чечиминен бир сааттан кийин эле башталган. Өкмөттүн субсидияларды алып салуусу күйүүчү май баасынын 33%, газ баасынын эки эсе көтөрүлүүсүнө алып барган. (UE)

XS
SM
MD
LG