26-ноябрдан 1-декабрга чейин боло турган сапарда кыргызстандык делегация Даниянын Акыйкатчы институтуна, Адам укуктары боюнча институтка жана парламентке барышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.
“Сапардын максаты адам укуктары жаатында Даниянын тажрыйбасы менен таанышуу. Анткени Дания бул багытта Европадагы күчтүү мамлекеттердин катарына кирет”, - деди Турсунбек Акун.
Сапар Адам укуктары боюнча даниялык институт тарабынан уюштурулган. Делегациянын курамында акыйкатчы, эки депутат, юстиция министри жана президенттин, өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү бар. (МТо)