Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:40

Маматов: Көчмө добуш берүүдө мыйзам бузуу каттала элек


Бүгүн эртең менен башталган көчмө добуш берүү боюнча ушул мүнөттөргө чейин бир да кат түрүндө арыз-доо түшө элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.

Бүгүн №1009 шайлоо участогунда шайлоочуларды бийликчил партияга күчтөп добуш бердирүү аракети болгонун “Азаттыкка” өздөрүн күбө деп тааныштыргандар айтышкан.

Маматов буга чейин айрым гана оозеки нааразычылыктар, телефон чалуулар катталганын, ал эми аталган участок боюнча арыз түшпөгөнүн кошумчалады.

Көчмө добуш берүү добушканага келип добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жетпеген шайлоочулар үчүн уюштурулган. Бишкекте 7700дөн ашуун жаран көчмө добушканада өз талапкерин тандоодо. (МТо)

XS
SM
MD
LG