Африканын Буркано-Фасо мамлекетинде алтын кендерде кул катары иштетилген 400дөй бала бошотулганы маалымдалды. Алардын айрымдары зордукталган. Балдарды сатып соода кылган жана аларды иштеткен 70тен ашык адам атайын операция маалында кармалган. Полициянын кабарлашынча, балдардын ата-энелери изделүүдө. Интерполдун билдиришинче, балдар аба жетпеген жана чоң адам батпаган тар кемерлерде иштеп, аларга эч кандай маяна төлөнчү эмес.