Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:59

Жалал-Абадда добуштар эсептелүүдө


Жалал-Абад шаарында 32 580 шайлоочунун 62,5 пайызы добуш бергендигин аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Учурда шаардык кеңештеги 31 депутаттык орун үчүн шайлоого катышкан он партияга берилген добуштарды эсептөө жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы качан чыгаары азырынча белгисиз.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын координатору Чолпон Эргешова облус аймагындагы шайлоодо олуттуу мыйзам бузууларга байланыштуу 20дан ашык фактыны каттап, алардын бирин сотко жиберип, калган мыйзам бузууларды БШКга жолдоорун маалымдады.

Сузак районунун Ынтымак айылындагы №2057 шайлоо участкасында айрым адамдар 7-8 жолу добуш берүүгө киришкенин жана шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн айыл тургуну Алтынбек Назаралиев билдирип, айыл курамында болгон Таш-Булак айылдык кеңешине болгон бүгүнкү шайлоону кайра өткөрүүнү сунуштады. Бирок аталган шайлоо бекети бул маалыматты ырастаган жок. (YA)

 

XS
SM
MD
LG