Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:51

Ош шаарынан башка аймактарда кылмыштуулук азайды


Башкы прокуратура быйылкы тогуз айдын жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, өлкөдө жыл башынан бери 21,5 миңдей кылмыш катталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 9,3 пайызга аз. Бирок Ош шаарында кылмыштуулук 25 пайызга өсту. Башкы прокурор Аида Салянованын билдиришинче, прокуратура быйыл 1922 кылмыш иш козгогон. Бул былтыркыга салыштырмалуу азыраак.

Быйыл тогуз айда коррупцияга байланыштуу 947 кылмыш иш ачылган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, андан 888 миллион сомдон ашык зыян келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG