Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Сүлүктү: шайлоо күнү көмүр тараткан факт иликтенип жатат


Бул тууралуу аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-ноябрда жергиликтүү кеңешке шайлоо жүрүп жаткан учурда Сүлүктү шаарынын аймагында арзандатылган көмүрдү элге таркатып жаткан адамдар кармалып, сотко арыз берилген. Көмүр жүктөлгөн 2 оор жүк тарткан автоуна камоого алынган. Көмүр тараткандар болсо бул иш чарага эч кандай саясий партиянын тиешеси жоктугун, жергиликтүү бийликтин тапшырмасына ылайык жакыр үй-бүлөлөр үчүн арзандатылган көмүр таркатып жатышканын айтууда. Ал эми арыздангандар болсо көмүр таркаткан шахтанын директору кайсыл бир партиянын өкүлү экенин айтып, шайлоого таасирин тийгизди деп жатышат. Учурда бул маселе боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. (JsA)

XS
SM
MD
LG