Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:13

Ошто жарыкты үнөмдөө 2-декабрга чейин созулат


Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош электр ААКнын жетекчисинин орун басары Нурлан Садыков билдирди. Анын айтымында, "Датка-Түштүк" долбоору боюнча 220 киловольттук линия тартылып жаткандыгына байланыштуу ушундай өчүрүүлөр жүрүп жатат. Андан сырткары шаардагы дээрлик бардык трансформаторлордо оңдоп-түзөө жүрүүдө. Кышкы чилде учурунда жарык берүүдө көйгөй болбосун деген максатта өчүрүүлөр жүрүп жатат.

Ош шаарында ноябрдын башынан бери жарыкты үнөмдөө башталган. Акыркы 3 күндөн бери өчүрүүнүн узактыгы 12 саатка чейин созулуп жатат. Өткөн жума калаада иштеген 17 журналист бул маселени массалык түрдө териштирүүгө чыккан эле. Анын жыйынтыгында 15 күндүн аралыгында бул көйгөй чечилээри айтылган. (SE)

XS
SM
MD
LG