Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:55

Албания эгемендигинин 100 жылдыгын майрамдады


Шаршембиде башталган майрам түн жарымга чейин уланды. Майрамдын башкы иш-чарасы Влоур деп аталган порт шаарда болду, анткени мындан туптуура бир кылым мурун, 1912-жылы 28-ноябрда албан лидерлери Осмон империясынан көз карандысыздыгын ушул шаарда жарыялашкан эле. Эгемендиктин бир кылымдыгын майрамдоо өлкөнүн борбор калаасы Тиранда да болду, анда элге Албан президенти Буджэр Нишени, премьер-министр Сали Бериша жана Косовонун лидери Хашим Тачи кошулганы айтылууда.

Экинчи дүйнөлүк согушта Албания фашисттик Италиянын, андан кийин Германиянын менчигине айланган. Согуштан кийин өлкөдө коммунисттик диктатура орногон. Коммунизм кулагандан кийин, Албания парламенттик демократия жолуна түшүү үчүн реформаларды жүргүзгөн. 2009-жылдан бери НАТОго мүчө, өлкө учурда Евробиримдикке кирүүнү суранууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG