Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:02

“Ар-намыс” коалиция тууралуу расмий чечимин 30-ноябрда жарыялайт


Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов билдирди. Анын айтымында, эртең фракция дагы кезексиз жыйынга чогулат.

Буга чейин “Ар-намыстын” айрым депутаттары коалициялык көпчүлүктөн чыгуу боюнча кол топтой баштаганы маалымдалган. Ошол эле учурда коалицияда калууну каалаган депутаттар да чогула баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын депутаты Талант Узакбаев билдирди.

Кулов 27-ноябрда жергиликтүү кеңештерге шайлоого нааразылык билдирип коалиция төрагалыгынан кеткен болчу. “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы эртең чукул жыйын куруп, төрага маселесин талкуулаганы жатат. (EBM)

 

XS
SM
MD
LG