Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

БУУнун Башкы ассамблеясында Палестинанын мүдөөсү добушка салынат


Палестин президенти Махмуд Аббас БУУ баш катчысы Пан Ги Мун менен. Нью-Йорк, 28-ноябрь, 2012-жыл.
Палестин президенти Махмуд Аббас БУУ баш катчысы Пан Ги Мун менен. Нью-Йорк, 28-ноябрь, 2012-жыл.
Палестин автономиясынын анын БУУдагы макамын “мүчө эмес, байкоочу өлкөгө” көтөрүү өтүнүчү көбүнесе өнүгүп келаткан мамлекеттерден, анын ичинде Европанын айрым өлкөлөрүнөн колдоо таап, кабыл алынары күтүлүүдө.

Бул - Иордандын Батыш жээгин, Газа секторун жана Чыгыш Иерусалимди камтыган палестин өлкөсүн тикелей эмес таануу дегенди билдирет.

Бирок Израил БУУдагы бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгы эч нерсени өзгөртпөсүн айтууда. Премьер-министр Бинямин Нетаняху:

- Улуттар уюмундагы чечим жеринде эч нерсени өзгөртпөйт. Ал Палестин мамлекети түзүлүшүнө көмөктөшпөйт, кайра создуктурат. Израилдин колу такай тынчтыкка созулган. Бирок палестин мамлекети Израилди жөөт элинин мамлекети катары таануусуз түзүлө албайт.

Резолюция кабыл алынуусу үчүн БУУга мүчө 193 өлкөнүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу талап кылынат.

Ага АКШ, Израил өңдүү саналуу мамлекет каршы чыгары күтүлүүдө.

Палестинанын БУУдагы макамы көтөрүлүшүн ири өлкөлөрдөн Орусия, Кытай. Европадан Франция, Австрия, Дания, Испания, Швейцария колдой турганын билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG