Бул тууралуу “Кыргызгаз” ачык акционердик коомунун башкы директору Тургунбек Кулмурзаев билдирди.
- Ишемби, жекшемби күндөрү газ өчүрүлгөн бардык райондор, айылдар жана ишканаларга жаратылыш газын беребиз. Алар Казакстан жана Өзбекстандан газдын аз көлөмдө келгенине байланыштуу өчүрүлгөн тармактар болчу. Бишкек жана Чүй облусу боюнча өчүрүлгөн жерлер, Токмоктун бир бөлүгү, ал жердеги спирт заводу, Канттагы от жагуу жайы газсыз калган эле.
Өткөн жекшембиден тарта Казакстандан жана Өзбекстандан газдын аз келүүсүнө байланыштуу Кыргызстанда газ өтө аз көлөмдө берилип, айрым жерлерде такыр токтотулган.
“Кыргызгаздын” маалыматына ылайык, бир жылдык келишимдин негизинде декабрь айы үчүн алына турган газ калды, ал бир айга жетет. Ал эми келерки жылга Өзбекстан жана Казакстан менен сүйлөшүүлөр аягына чыга элек. (AKu)