Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

Кыргызстан СПИД тез таркаган өлкөлөргө кирет


Бүгүн бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү. Бул илдет эң бат таркаган дүйнөдөгү 7 өлкөнүн ичинде Кыргызстан да бар. Бейрасмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 12 миңден ашуун адам ВИЧ жуктуруп алган. Ал эми расмий маалыматтар боюнча 4532 киши катталган. Алардын көбү 20-40 жаш арасындагы жарандар. Кыргызстанда ВИЧке кабылгандардын 60 пайызы аны баңгизаттан жуктурат. 
 
Бүгүн Бишкекте СПИДге каршы ар кандай иш-чаралар өтөт. Спорт ордосунда жаш ырчы, бийчилердин концерти, флешмобдор уюштурулат. Ал эми шаардык муз майданында 6 жогорку окуу жайдын арасында жарыяланган дил баян сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. (AKu)

 

XS
SM
MD
LG