Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Сентябрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Египеттик соттор 15-декабрдагы референдумга бойкот жарыялашты


Мындай чечимди египеттик соттордун улуттук клубунун башкармалыгы жекшемби күнкү жыйынында кабыл алды. Бу чечимге ылайык, соттор жаңы конституция боюнча 15-декабрда болчу референдумга байкоо жүргүзүшпөйт.

Жекшемби күнү Жогорку Конституциялык Соттун жаңы конституциянын долбоорунун мыйзамдуулугун карачу жыйыны болбой калган. Президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери демонстрация өткөрүп жаткан шартта иштөө мүмкүн эмес, деп билдирген Жогорку Сот. Жекшемби күнү Каирде жана башка шаарларда Мурсинин 100 миңдей жактоочусу көчө жүрүшүнө чыгышкан.

Мурси 22-ноябрда президенттик бийлигин кеңейтип, жаңы конституция кабыл алынганча, соттордун укугун чектеп салгандан тарта Египетте жаатташып тирешүү күчөдү.

XS
SM
MD
LG