Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Косово жана Сербиянын өкмөт башчыларынын үчүнчү жолугушуусу өтөт


Евробиримдик ортомчулук кылган сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы бүгүн Брюсселде болот жана ага Косовонун премьер-министри Хашим Тачи жана серб өкмөтүнүн башчысы Ивица Дачич катышмакчы. Сүйлөшүүнү Евробиримдиктин атынан тышкы иштер боюнча мекеменин төрайымы Кэтрин Эштон уюштурууда. Евробиримдиктин расмий билдирүүсүндө айтылгандарга караганда, бул ирет үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары буга чейинки (19-октябрдагы жана 7-ноябрдагы) жолугушууларында макулдашылган маселелерди карашмакчы.

Сербия 1999-жылкы НАТОнун аба соккусунан кийин Косового көзөмөлүн жоготкон жана 2008-жылы Косово өзүн эгемен өлкө деп жарыялаганын тааныбай келатат. Анткен менен Евробиримдиктин ортомчулугу менен мамилени оңдоого арналган сүйлөшүүлөргө катышууга макул болду. Еврошаркет болсо азыркы сүйлөшүүлөр Сербия менен Косовонун келечекте биримдикке мүчөлүгүнө жол ачат деп ишендирүүдө.

XS
SM
MD
LG