Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Египетте бир топ эркин гезиттер нааразылык иретинде чыкпай калды


Ал басылмалардын журналисттери өлкөнүн Баш мыйзамынын жаңы долбоорунда басма сөз эркиндигине чектөөлөр коюлган дешет. Гезиттердин нааразылык акциясына сегиз басылманын жамааты кошулду. Ал эми менчик телеканал шаршембиде өз алдынча нааразылык акциясын өткөрөөрүн, ал күнү бул канал такыр эле эфирге чыкпай турганын билдирди.

Бүгүн бул өлкөдө оппозициялык топтор Каирде массалык демонстрацияга чыгышаарын айтышууда. Алар Конституциянын жаңы долбооруна жана президент Мухаммад Мурсинин өзүнүн бийлигин күчөткөн жарлыгына каршы болуп жатышат. Оппозициянын ишениминде, Баш мыйзамдын сунуш этилген жаңы долбоорунда аялдар менен майда улуттардын укуктарын коргоо каралган эмес.

Мурси болсо өзүнүн акыркы жарлыгы күчүн жоготконго чейин Баш мыйзам жактырылышы зарыл экенин билдирүүдө. Талаштуу ал Конституциянын долбоорун өткөн жумада Мурсинин исламчыл колдоочулары басымдуулук кылган комиссия шашылыш эле жактырып салган. Президент Конституция боюнча элдик референдумду 15-декабрга белгилеген.

XS
SM
MD
LG