Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Орусиядан "Урал” эмес, курал керек...


Орус президенти Владимир Путин курал-жарак боюнча эл аралык көргөзмөдө, Нижний Тагил.
Орус президенти Владимир Путин курал-жарак боюнча эл аралык көргөзмөдө, Нижний Тагил.

Кыргызстан менен Орусия курал-жарак боюнча активдүү сүйлөшүүнүн алдында турат.

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин билдирүүсүнө караганда, 19-декабрда Москвада президенттер Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путиндин жолугушуусунда бул маселенин практикалык жагы талкууланат. Кыргызстан Орусиядан 1 млрд. 100 млн. долларга курал алууну көздөп жатканы буга чейин маалымат каражаттарында айтылган.

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин “Коммерсант” гезитине 4-декабрда жарыяланган маегине караганда, Кыргызстан армиясы кайра куралданууга өтө муктаж. Курал ошондой эле чек араларды бекемдөө үчүн керек. Ошон үчүн Бишкек Москва менен курал боюнча көптөн бери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келатат. Кыргызстан Орусиядан жаңы курал алууну көздөп жатат.

2014-жылы Ооганстандан аскерлерин чыгарууну болжоп жаткан Кошмо Штаттар да Кыргызстанга курал сунуштаган. Колдонууда болгон андай куралды АКШ Кыргызстанга эле эмес, Борбор Азиядагы башка мамлекеттерге убада кылган.

Талдоочулардын баамында, бул жерде ири державалардын курал рыногундагы таймашы да байкалат. Белгилүү болгондой, курал сатуу эң кирешелүү бизнестин катарына кирет.

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Марат Иманкулов Кыргызстандын армиясы эле эмес, бардык күч структуралары куралдарын жаңылоого муктаж экенин белгилейт. Куралга жана ар кандай атайын каражаттарга муктаждык түштүктөгү коога учурунда өтө курч байкалган дейт Иманкулов:

- Жалаң эле армия эмес, биздин бардык күч структуралардын баары техника, курал-жарактарга муктаж. Биз мамлекет болгондон кийин өзүбүздү коргоо жагын ойлошубуз керек. Албетте, биз ЖККУ, ШКУ өңдүү регионалдык уюмдарга мүчөбүз. Бул жагынан бизге жеңилдик бар.

Иманкуловдун айтымында, кыргыз тарап буга чейин эле курал боюнча Москвага суроо-талаптарын жөнөтүп, муктаждыгын билдирип келген. Ошондуктан курал алуу маселесинде АКШ менен рынок талашуу, же Кыргызстанда ГЭСтерди курууга Өзбекстандын кескин каршы чыгуусу менен байланыш жок.

Дагы бир генерал Артур Медетбековдун маалыматы боюнча, Кыргызстан армиясын куралдандыруу боюнча Москва менен 2007-2009-жылдары сүйлөшүү жүргүзүп, тийиштүү меморандумдарга кол коюп келген. Ал эми азыркы кезде орус тараптан суралып жаткан куралдар жаңы, бирок өтө заманбап эмес:

- Өтө жаңы куралдарын бизге алар бере алышпайт. Бербейт дагы. Эски, пайдаланылган курал беришет. Бирок биз үчүн ал абдан жаңы болот. Өзгөчө биздеги абадан коргонуу комплекстери, аскердик техникакалар, атуу куралдары баары абдан эскирип калган. Ошондуктан Орусиядан келе турган курал-жарактар абдан чоң жардам болмок.

Артур Медетбековдун маалыматы боюнча, орус тарап куралды грант түрүндө берет. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Москва куралга жооп иретинде эч нерсе сурабай жатканын белгилеген.

Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын 5-декабрда Бишкекте боло турган жыйынына катышуу үчүн орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Кыргызстанга келатат. Анын Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуусу белгиленген. Мына ошол жолугушууда эки мамлекеттин өз ара кызматташуусунун кеңири аспектиси талкууланары кабарланган...

Жантөрө Сатыбалдиев маегинде 2014-жылдан кийин "Манас" аба майданы аскердик максатта пайдаланылбасын дагы бир ирет белгилеген. Буга чейин мындай сөздү президент Алмазбек Атамбаев да бир канча жолу айткан.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG