Уюмдун кезектеги докладында калктын коррупцияны кабыл алуу рейтингинде Кыргызстан 24 упай алып, 176 өлкө ичинен 154-орунга коюлган. Transparency International Kyrgyzstan уюмунун атайын кеңешинин төрагасы Адылбек Шаршенбаевдин айтымында, уюм быйылтан тарта коррупциянын деңгээлин өлчөө үчүн жаңы ыкманы колдоно баштады. Ага ылайык, өлкөдөгү коррупциянын кабыл алуу деңгээли 0 дөн 100гө чейинки упай менен бааланат. Анда 0 упай алган эң коррупциялашкан, ал эми 100 упай алган эң таза өлкө катары аныкталат. Бул эсептөөнүн негизинде Кыргызстан 24 упай менен коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында экенин эл аралык уюмдун өкүлдөрү билдиришти.(BkA)