Бүгүн Жогорку Сот 7-апрель окуялары боюнча айыпталуучулардын адвокаттарынын ишти кайра тергөө өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынын кабарлашты. Буга чейин апрель окуясы боюнча айыпталуучу тараптын адвокаттары тергөө маалында тиешелүү процедуралар бузулду деп сотко кайрылган.
Ишти кайрадан тергөө өтүнүчүн алгачкы эки инстанция да четке каккан. Апрель окуяларынын жабырлануучулары болсо адвокаттардын бул кадамын соттук жараянды атайын создуктуруу аракети катары баалап келишет.
Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. Ишти Бишкек аскердик гарнизондук соту кароодо. Бул иш боюнча мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге айып тагылган. (BkA)